www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Ата Мекен” саясый партиясынан депутаттыкка талапкер Жанар Акаев кайрадан пайда болду. Ал журналисттердин бир нече суроолоруна жооп берди.
--Президент бүгүн мыйзамдуу, иштеши керек. Эгер ал киши кызматтан кетип калса коомдо жана саясатта мындан дагы күчтүү талаш-тартыш башталат. Бизге анын учурда кереги жок, - деди “Ата Мекен” партиясынан талапкер Жанар Акаев маегинде.
Ага кошумча, “Мени коркутуулар болуп жатты, аттарын азыр жарыялабайм. Азыр айтууга болбойт. Коркутуулар СМС жана фейк аккаунттар аркылуу болду, конкреттүү коркутуулар болгон жок. Бутумдан жаракат алганым чын, ишенбесеңер шымымды чечип көрсөтүп беремин”, - деди журналисттердин берген суроосуно Жанар Акаев.
Эске сала кетсек, бир нече саясатчылар шайлоонун жыйынтыгына нараазы болуп аянтка чыгышкан. Митингдин катышуучулары лидерсиз калып, мамлекеттик мекеме Ак үй толугу менен талкаланган.
Булак: NazarNews.kg