www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 9-май Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 81 жылдыгына карата Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев орук ардагери 98 жаштагы Тажикан Мадимаровадан кабар алып, Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Калаа башчысы кыйын күндөрдү башынан кечирип, бүгүнкү тынч жашоого салымын кошкон ардагерлер майрам күндөрү эле эмес, ар дайым көңүл борборунда экенин айтып, ардагерге ден соолук каалады. Ошондой эле акчалай сыйлык менен белектерин тапшырды.

Тажикан Мадимарова 1928-жылдын 26-январында төрөлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш маалында тылда эмгектенип, “1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы талыкпаган эмгеги үчүн” медалы жана бир нече юбилейдик медалдар менен сыйланган. Согуш жылдарында жана андан кийин “Кызыл Пахтачы” колхозунда эмгектенген.

Ардагердин 10 баласы, 37 небере, 119 чебере, 12 кыбырасы бар.

Последние новости