www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай жандимилерди өмүрөмдө билген эмесмин. Булар мансап, акча үчүн аялынын, кызынын абийрин сатканга да барышат. Бул тууралуу белгилүү журналист Жолдошбек Токоев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал Улуттук банктагы алтындарды текшерген депутаттык комиссиянын аракеттерине карата өз пикирин билдирди.

"Депутаттар Улуттук Банкка барышып 2 жыл аралыгындагы алтын катары элге алтынды көрсөтүштү. Алтын кору (запас) бизде союз мезгилинде да болгон. “Кара-Үнкүрдүн”, “Миң-Куштун”, “Макмалдын” алтындары. Штаб квартирасы Лондон шаары болгон Дүйнөлөк алтын-валюталык резерви” деген уюм бар, Ушул уюм баарын көзөмөлдөп турат. (англис тилин бигендер фондун сайтына кирип биздин алтын тууралуу маалымат алса болот) Тигил, бул өлкөдө алтын запасы болбосо Эл Аралык финисы уюмдары насыя беришпейт. КР 1991-жылы эгемендик алганда көптөгөн насыяларды “Макмалын” 6 тонна алтынын кепилдиги менен алынган. “Кумтөр” болсо 1998-жылы бир аз кг алтын бере баштаган.

Өткөн 2022-жылы Улуттук Банк “1.1$ млрд 19 тонна алтын сатылып, түшкөн каражаттын 700,4 $ млн доллардын курсун түшүрүп, (интервенция) сомду көтөрүүгө жумшалды. 400$ млн тышкы карызды жапканга жумшалды”- деген. 

Бирок доллардын курсу түшмөктөн тескерисинче жогорулады. Сомдун наркы көтөрүлгөн жок! Ал эми Улутук стасистикалык комитет өткөн 2022-жылы “24 тонна экспортолду” деп маалыт берген (бул маалыматтар интернетта азыр да бар).

ЖК депутаты А. Малиев кечээ жакында “Депутаттык комиссия иликтеп чыктык, эч кандай 19 тонна алтын сатылбаптыр, алтындардын баары ордунда экен”-деди. Мансап, байлык үчүн аялын, кызынын абийирин сатышчу жандимилер бекен?!

Баса, Алмазбек Атамбаев 2017-жылы кызматтан кетип жатканда Улуттук Банкта 12.4 т. алтын запасы болгон. Фотодогу ошол алтындар болушу мүнкүн. “Кумтөр”, алтын тууралуу дагы жазам", - деди Жолдошбек Токоев.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости