www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өткөн жылдын март айында Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы 2 мечитке куралдуу кол салуу жасаган террорист Брентон Тарранттын соту 4 күнгө созулуп, соттун чечими менен өмүр бою эркинен ажыратылды. Мындай чечим аталган өлкөнүн тарыхында биринчи жолу катталды.

Соттун төрагасы Кэмерон Мандер өз сөзүндө: “Мындай коркунучтуу ниетти чечкиндүүлүк менен токтотуу соттун милдети” деп айтуу менен Таррантка карата: “Кылгандарың адамдыкка жатпайт. Таш боорсуң. Сен жөн эле киши өлтүргүч эмес, чоң террористсиң. Жаңы Зеландиянын жашоосуна кол салууга аракет кылдың”, -деди.

Сот, бул күнөөгө карата белгилүү бир жаза убактысы жок экендигин белгилеп, ушундай негизде Таррант, өлкөнүн өмүр бою эркинен ажыратылган алгачкы жаран болду.

Жаңы Зеландиянын Herald газетасына жарыяланган маалыматка ылайык Тарранттын күнөөнү мойнуна алып, ал учурдагы саясий көз караштары чын эмес экендигин айтып, коомго зыян бергиси келгенин билдирген сөздөрү жаздырылып алынды.

Кошумчалай кетсек, Таррант 2019-жылдын 15-мартында Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы Нур жана Linwood мечиттерине жума намаз убактысында кирип, автоматтык курал-жарактар менен чабуул койгон. Жаңы Зеландия эле эмес дүйнө жүзүнүн үшүн алган окуяда 51 киши каза таап, 50 киши оор жаракат алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости