www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңшинин жыйынында азык-түлүк коопсуздугу маселесин кароо учурунда өлкөдөгү аз камсыз болгон үй бүлөлөргө электроэнергияга тарифти төмөндөтүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

«1-январдан баштап биринчи электроэнергиядан жардам берели. Азыр 77 тыйын да, 1-январдан баштап 50 тыйынга түшсүн, калган 27 тыйынын сиздер бюджеттен субсидия кылып төлөп бересиздер», - деди президент.

Ошондой эле, мамлекет башчысы тийиштүү министрликтерге аз камсыз болгон үй бүлөлөрдүн даректерин, аты-жөндөрүн тактоону тапшырды.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, жаңы тарифтер 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кириши керек.

«Бир айдын ичинде дагы бир сыйра ревизия кылып чыккыла. 31-декабрга чейин эски тариф менен аласыңар дагы, 1-январдан баштап жаңы, 50 тыйындык тариф менен аласыздар. Ушул 110 518 үйдө. Бир айдан кийин сиздерден сурайбыз», - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мындан тышкары, президент министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго тамак-аш жагынан да жардам берүү керектигин айтты.

«Жаңы жылдан кийин сөзсүз түрдө ун, май, шекер таратып бериңиздер. Көлөмүн өзүңүздөр талдап чыгыңыздар», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости