www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан кайсы учурда болбосун энергетикалык кыйроонун алдында болушу мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Белгилей кетсек, учурда Коопсуздук кеңеши энергетика тармагындагы көйгөйдү талкуулап жатат. Мамлекет башчынын айтымында, бул (төртүнчү) маселени жыйындын күн тартибине жабык эшик артында талкуулоо сунушталды. «Бирок мен макул болгон жокмун, энергетика тармагынын абалын баары билет. Биздин кошуналардан жашыра турган эч нерсебиз жок», - деди ал.

Садыр Жапаров республиканын энергетика тармагы терең кризисте экенин белгиледи. «Кандай учурда болбосун биз энергетикалык кыйроонун босогосунда калышыбыз мүмкүн. Бул коррупциянын, чөйрөгө туура эмес мамиленин, жоготуулардын натыйжасы. Энергетика тармагындагы жабдуулардын 50 пайыздан ашыгы эскирген. 10 ай ичинде бөлүштүрүүчү компаниялардын техникалык жоготуулары 1 миллиард киловатт-саатты түздү», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости