www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алды

Дээрлик бардык тармактарында «артта калып» жатабыз. Кайсы жерде болбосун, бардык жерде: балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөндөрдө “кемчилик” бар. Агрардык өлкө катары бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар.

Өткөн жылы эле айыл чарбасын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 20 миллиард сом каралган. Бирок азырынча ишиңиздердин реалдуу жыйынтыгын көрө элекпиз. Өткөн жылы жакшы темп алып, бирок быйыл иш солгундай баштады. Бул тууралуу К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдиргендей, Жапаров министрликтин ишин «толугу менен карап чыгуу керек» деп белгиледи.

«Министрликтин акыркы «керектөөчүсү» дыйкан, андыктан сиздердин иш минералдык жер семирткичтер менен камсыздоодон баштап, өндүрүлгөн продукцияны экспорттоого чейин анын керектөөсүн толугу менен канааттандырышы керек. Бул иштин бардык чынжырчасы сиздердин көзөмөлүңүздө болушу керек”,- деди Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы Россия тарабынан айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча министрликтин ишин сынга алды.

«Эмне үчүн мындай абалга жол бердиңиз, лабораториялар эмне кылып жатышат. Аларды тиешелүү реактивдер менен камсыз кылуу, заманбап технологиялар менен жабдуу зарыл, сиздерде финансылык мүмкүнчүлүктөр бар. Үй-бүлөсүн баккан дыйкандар кыйналып жатканын түшүнөсүңөрбү?», — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров. Андан соң ал ирригация маселелерине токтолду.

«Мурда министрлик иштин натыйжасы жоктугунун бирден-бир себебин каржылык ресурстардын жетишсиздиги деп атаса, азыр бул көйгөй жок, бирок иш кандай турсу, ошол бойдон турат. Кыймылдагыла, азыр убакыт бизге каршы иштеп жатат. Ирригациялык системаларды тазалоочу техникалар качан келет, эмне үчүн келишим түзүлө элек, качан ОЧК-2 курулушу башталат», — деп суроо салды Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеев тазалоочу жабдууларды сатып алуу боюнча келишимге 2 айдын ичинде кол коюларын, аны алып келүү үчүн да ушунча убакыт талап кылынарын белгиледи. «ОЧК-2 боюнча бул маселе жакынкы арада келе турган казак делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгында чечилет», — деп жооп берди ал.

Жыйындын жыйынтыгында министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берип, «министрликтин ишмердүүлүгүнө сентябрь айында тиешелүү баа берилерин» белгиледи.

«Сиздерге министрликтин ишин оңдоп, «жолго коюуга» акыркы мүмкүнчүлүк берилип жатат, бирок сентябрда сезилерлик жыйынтыктарды көрбөсөк, ведомствого караштуу мекемелердин бардык жетекчилери, министрдин орун басарларына чейин ээлеген кызматтарынан бошотулат», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости