www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта, испаниялык “Барселона” футбол клубунун Президенти Жоан Лапорта менен жолугушту.

Мамлекет башчысы ардактуу мейманды жылуу тосуп алып, кылымдык клубдун Кыргызстанга келиши жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

Ошону менен катар Садыр Жапаров Жоан Лапортанын клубду жетектеген 2003-жылдары Рональдиньо, Месси, Райкард, Пуйоль, Хави, Иньеста, Неймар сыяктуу атактуу оюнчулар каталндук команданын намысын коргоп келгенин белгиледи. Алар бир нече жолу Испаниянын чемпиону, Чемпиондор лигасынын жеңүүчүсү болгон.

“Барселона” клубунун 144 000ге жакын мүчөсү бар. “Барселона” футбол клубу футзал, гандбол, баскетбол, волейбол, регби, жеңил атлетика боюнча “Барселона” командаларын каржылап келет. Мына ушундан улам, дүйнөдөгү башка клубдардан айырмаланып, “Барселона” чыныгы элдик клуб деген атка татыктуу. Мындай “элдик клуб” деген атак-даңк албетте, сиздин өжөрлүгүңүздүн, эркиңиздин бекемдигинин, талбаган эмгегиңиздин үзүрү.
Акыркы эле 2023-жылы Катарда өткөн Дүйнө чемпионатка сиз жетектеген клубдун 17 оюнчусу катышып, рекорд койду”, - деди мамлекет башчысы.

Мамлекет башчысы Кыргызстандагы биринчи “Барселона” академиясынын ачылышы улуттук курама команданы профессионалдуу көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Борбор Азияда биринчи болгондуктан ошондой эле туризмди, спортту, инвестицияны жана өлкөнүн башка тармактарын өнүктүрүүгө оң мультипликативдик таасирин тийгизерин баса белгиледи.

Өз кезегинде футбол клубунун президенти “Барселона” өзүнүн принциптерин, баалуулуктарын жана спорттун ар кандай түрлөрү боюнча оюн стилин даңазалай турганын белгилеп, Садыр Жапаровго Борбор Азиядагы спорт уюмунун тажрыйбасын жайылтуу демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Жоан Лапорта Кыргызстандагы жаңы “Барселона” футбол академиясы клубдун бай тарыхына негизделген спортчулардын инсандык өсүүсүнө салым кошуп, алардын дараметин толук ачууга, ошондой эле күйөрмандардын спортко болгон мамилесин жакшы жакка өзгөртө тургандыгына ишенимин билдирди.

Соңунда Садыр Жапаров Жоан Лапортага Кыргызстанда “Барселонанын” футбол академиясынын ачылышына көрсөткөн колдоосу жана ушул иш-чараларга жеке катышкандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости