www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баңгизат менен алектенгендер милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, оор кылмыш үчүн соттолгон жаран милиция кызматкерлерине пара берүүгө аракет кылган.

2023-жылдын 30-июнунда болжол менен түнкү саат 20:00до Ысык-Ата районунда жайгашкан Юстиция министрлигине караштуу мекемелердин бирине белгисиз адамдар тарабынан тосмодон 983 грамм 330 миллиграмм болгон гашиш ыргытылган.

Бул факты боюнча ушул жылдын июль айында Жазаларды  аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо)  менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштерине ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери кошулуп, 26-августта аталган ишке шектүү 2000-жылы туулган К.А. аттуу жаранды кармашкан.

«Бирок тергөөнүн жүрүшүндө байланышка соттолгон жана жазасын өтөп жаткан жаран чыгып, маселени оң жагынан чечүү жана тууганын (баңгизатты ыргытууга шектелип кармалган жаран К.А.) кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу үчүн ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерине ири суммадагы акча каражатын сунуштаган», - деп билдирди министрлик.

26-августта КР Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренеси (пара берүү) менен кылмыш иши козголуп, ушул эле күнү Бишкек шаарындагы кафеден ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын улук ыкчам кызматкерине 150 000 сомду накталай берип жаткан жеринен ортомчулук кылган жаран — 1990-жылы туулган Х.Д. кармалды.

ИИМдин маалыматы боюнча, пара берүүнү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине куралдуу кол салуу жана адам өлтүрүүгө аракет кылуу үчүн соттолгон жана жазасын өтөп жаткан жаран уюштурган.

Ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости