www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаров Экология министрлигине

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүүдө.

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасап, анда 2022-жыл боюнча министрликтердин ишмердүүлүгүнө жүгүзүлгөн мониторингге токтолду.

“Быйыл министрлер кабинетинин иш-аракеттер планында 650 иш-чара каралган. Анын жыйынтыгында “мыкты” деген бааны тогуз мамлекеттик орган алды.

Алар:

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, ӨКМ, ИИМ, ТИМ, Коргоо министрли, Юстиция министрлиги, Улуттук статистика комитети, Соцфонд жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттик болду.

“Жакшы” деген бааны 19 маморган, ошондой эле “орто” жана “ортодон төмөн” бааны алгандар болду. “Орто” бааны Инвестициялар боюнча агенттик, Энергетика министрлиги жана Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттиги алды.

«Эки» алган бир гана орган болду: Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги”, — дейт ал.

Садыр Жапаров ишмердүүлүгүнө «эки» же «үч» деген баа коюлган министрлердин жоопкерчилигин кароо керектигин белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, иш-чарада министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, 2023-жылга карата иш план каралууда.

Жыйынга борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости