www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн УКМКнын басма сөз борбору депутат Өмүрбек Бакировдун криминалдык авторитет Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) менен байланышы бар деген маалымат таратты.

Ведомстводон билдиришкендей, депутат Чолпон-Ата шаарында кримтөбөл менен жолугушкан.

Камчы Көлбаев менен эч кандай байланышы жок экенин Өмүрбек Бакиров өзү билдирди. Эл өкүлүнүн айтымында, 25-декабрда чындап эле Ысык-Көлгө барган.

«Ысык-Көлгө жылына эки-үч жолу барып турам. Бул жолу «Барс» эс алуу борборунда жардамчы менен болдум. Бул коомдук жайдан биз кымыз алдык. Жаңы жылда ошол жерде эс алалы деп коттедждерди карадык. Камчы Көлбаевге жолукту деген маалымат чындыкка дал келбейт. Эгерде аларда (ред. УКМК) далилдер болсо, видео же сүрөтүн чыгарышсын», - деди ал.

Өмүрбек Бакиров УКМКга суракка чакырылганын тастыктады, бирок криминалдык авторитет тууралуу сөз болгон эмес.

«Алар жөн эле Ысык-Көлгө бардымбы, ал жакта эмне кылдым, кимдер менен жолугушканымды сурашты. Көлбаев ал жактабы, көрдүмбү же жокпу деген суроолор болгон эмес», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости