www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында бүгүн, 28-декабрда, өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтүп жатат. Анда министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчету угулуп, ошондой эле министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралууда.

Жыйын учурунда президент Садыр Жапаров Каржы министринин орун басары Руслан Татиковду депутаттын суроосуна туура эмес жооп бердиң деп тургузуп алып тилдеди.

«Сиз канча жылдан бери иштейсиз министрликте? Өткөндө ЖКга бардыңыз депутаттардын суроолоруна жооп берин жатып, «Биз келген эки жылда өлкө канча карыз алды?» десе 7 миллиард доллар деп жатасыз, а «канча карызыбыз бар?» десе 11 миллиард доллар дедиңиз, мындай сандарды кайдан алдыңыз?», — деп суроо узатты. Президенттин суроосуна жооп берип жатып, министрдин орун басары депутаттын суроосун туура эмес түшүнүп алып жооп берип алганын билдирди.

«Түшүнбөй калсаңар, чапаныңызды чечип алмак беле тактап сурап жооп бергиле да. «Сиз кайсы жылдан бери сурап деп жатасыз» деп сурабайсыңарбы. Андай сандар менен депутаттын күнүн туудуруп жатпайсыздарбы. «Мына сырттан карыз алып келип туруп, айлыктарды, пенсияларды көтөрүп жатышат» деп… Же эмне сүйлөшүп алып жасап жатасыңарбы, калкты дүрбөтүш үчүн?», — деди президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости