www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларусиядан модернизацияланган «Печора-2 БМ» мобилдик зениттик-ракеталык комплекси сатып алынды. Бул куралдын артыкчылыгы, аны каалаган убакта жана каалаган жерде жайгаштырууга болот. Мындай жаңылык бийликтин алкоого арзырлык иштеринин бири десек жарашат.
Чынында, президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин өлкө коопсуздугун чыӊдоо, мамлекеттин бүтүндүгүн коргоо багытында Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн кубатын артыруу багытында жүргүзүп жаткан саясаттын колдоо гана керек.
Президент Садыр Жапаров меймандостугу менен кыйла өлкөлөргө таанымал Кыргызстан аскердик саясатын коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттыруу принциптеринин негизинде түзүп жатканын белгиледи. Андыктан, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн Куралдуу Күчтөрдү чыңдоо — мамлекеттин эң башкы милдеттеринин бири.
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин аракетинин негизинде 2021-жылдан тартып аскер бөлүктөрүнө жаңы курал-жарактар алынып, өлкө коопсуздугун чыңдоого көңүл бурулуп жатат. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу "Байрактар ТБ", "Акынжы", "Аксунгур" сыяктуу абадан сокку уруучу аскердик учкучсуз аппарат сатылып келди. Бул өлкөнүн абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүн күчтөндүрөт.
Садыр Жапаров армиябыз бардык керектүү аскер жабдуулар менен жабдылган, мамлекет коргонууга жөндөмдүү болушу үчүн бардык жактан колдоо көрсөтүп, каражатты аябайт деп белгиледи.
Президент өткөн жылдын 4-кварталында «Белтехэкспорт» жабык акционердик коому менен «С-125» зениттик ракеталык комплексин «Печора-2 БМ» зениттик-ракеталык комплексинин деңгээлине чыгарып модернизациалоо боюнча келишим түзүлгөнүн кошумчалап айтты. Азыркы күндө контракт боюнча аталган комплекстин биринчи партиясы жеткирилди.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө азыркы учур өлкөнүн саясий-экономикалык, коомдук жана аскердик турмушундагы маанилүү ийгиликтердин жана өзгөрүүлөрдүн мезгили экенине басым жасады. Өлкө коопсуздугун чыӊдоо жана камсыз кылуу багытында аныкталган иш-чаралар акырындап ишке аша баштады.
Булак: NazarNews.kg