www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган кезектеги маегинде Бишкектеги ыш көйгөйүнө байланыштуу комментарий берди.
-- Быйылкы жылы Бишкекте ыш көйгөйү абдан курч болууда. Эки-үч күн мурун калааны каптаган кара түтүн, ыш азая түшкөнсүдү. Парламенттин айрым депутаттары бул маселеге Бишкек мэрин да күнөөлөштү. Кызматтан кетирүү боюнча да сөз болду. Бул көйгөй эмнеден улам? ЖЭБденби, же көмүр сапатынанбы же дагы башкаданбы? Дегиле бийликтегилер бул маселени иликтеп атабы?
-- Мэрди кызматтан алып койсок эле түтүн жоголуп кетпейт. Түтүндү көзөмөлгө алганга жалпы эл өздөрү жардам бериш керек. ЖЭБдин түтүнү болгону 10-15 пайызды түзөт. Кечээ жакында тик учак менен шаардын үстүн, жаңы конуштарды эки үч жолу айланып чыктык. Баарын көрдүк.
Калган түтүндүн баары жаңы конуштардан, жеке сектордогу сауналардан, мончолордон чыгып атат. Алар резина же тигүүчү цехтерден чыккан чүпүрөктөрдү жагып жиберишет экен. Ошондуктан ошолорду ар бир кошуналары көзөмөлгө алып, жактырбаш керек. Анткени ал түтүн ар бир жашоочунун ден соолугуна зыян алып келет. Ошол үчүн мейли кошунасы болосуңбу же көчөдөн өтүп бара жатып көрүп каласыңбы, айтыш керек, жакпа деш керек, тиешелүү органдарга билдириш керек . Ошондо гана түтүн жоголот. Албетте, бийлик дагы жөн жаткан жокпуз. Дароо буйрук берип, рейд уюштурдук. Ким жеке сектордо мончого же үйүнө резина же чүпүрөк жагып жаткан болсо, айып пул салгыла, сауна болсо жапкыла деп. Бирок эл өзү көзөмөлгө алып берсе, рейдден дагы жакшы жыйынтык берет эле. Азыр жаңы конуштарда жеке менчик мончолор көп экен. Ошол мончолордо жагылат экен. Азыр эми жаңы конуштарга өкмөт тараптан мончолорду салдырганга тапшырма бердим. Анан эң негизгиси гидро ГЭСтерди салууну күчөтүп жатабыз.
Элүүгө жакын кичи жана орто ГЭСтер курулуп жатат. Баары бүтсө электроэнергияга өтүп кетсек, түтүндөн кутулабыз.
Булак: "Кабар" агенттиги