www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-сентябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышы жайкы тыныгуудан кийин ишин расмий баштады. Жыйынга Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Жапаров жыйын учурунда парламенттин кароосунда 121 мыйзам долбоору турганын баса белгиледи.

«Жогорку Кеңештин биринчи сессиясында өкмөт 124 мыйзамдын долбоорун сунуштап, аны 71и парламентте кабыл алынып, президент 67 мыйзамга кол койду. Азыр карооңуздарда 121 мыйзам долбоору турат.

Биз Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун баштадык. Биздин эксперттердин эсебинде, бул 5-6 миллиард долларлык экономикабыздагы ири долбоорлордун бири. Буга байланыштуу бир топ мыйзамдарга да өзгөртүү киргизишибиз керек. Силер менен чогуу суроо-талаптарыбызды чечебиз деген үмүтүбүз бар», - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости