www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын эл көйгөйүн чечет деген жетекчилеринин логикасы, көз карашы таң калтырат. Элдин жашоо шартын оңдошсун, маселелерин чечсин деген жетекчилер, жок шылтоону айтышып, догун арткан өнөр табышты.
Мына КабМин төрагасы Акылбек Жапаров "пенсия, пособие төлөй албасак өлөлүбү" деп, Конституциялык милдетин аткаргандын ордуна кайра карапайым калкты кекетти эле.
Эми болсо Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев
Жогорку Кеңеште суу маселеси каралганы менен маселе чечилбей турганын белгилеп: "Биз парламентте бул маселени караганы менен суулар көбөйүп, мөңгүлөр ээрип кетпейт. Андыктан пленардык жыйынды үнөмдүү пайдаланалы", - деп, капкайдагы жөө жомокту айтып отурат.
Булар элдин маселесин чечишпесе, колдорунан эч нерсе келбесе, мамлекеттик эң жогорку маанилүү кызматтарды ээлешип, эшек такалаганы отурушабы? Же буларга элдин эсебинен айлык алып, каалагандай талтаңдасын, өз жыргалчылыгын ойлошсун деген кол тийбестик берилди беле? Коомдун, элдин көйгөйүн чече алышпаса, түшүнүшпөсө, иштин көзүн билген башка татыктуу кадрларга кызмат ордуларын бошотуп беришпейби?
Деги эле Шакиевдин акыл-эси жайында болсо, 40° ысыкта эрибеген кар, мөңгү качан ээрийт деп ойлонуп, окшоштуруп шылтоо айтмак. Элди ойлосо, элдир-селдир эси болсо, тиешелүү жетекчилерди чакырып маселени талкуулап, чечели демек...
Буга чейин желектин түсүн ак кылалы деп, ойдо жок жерден маанисиз маселе көтөрүп, коомчулуктун жемесин жакшы эле уккан. Бирок сабак болбоптур.
Ак түстөгү байрак душманга жеңилгенин мойнуна алып, ырайым сураганда, же колго түшүүгө ыраазы болгондо, же болбосо кан төгүүнү убактылуу токтотуп, сүйлөшүүгө барууну суранган учурда ак түстөгү желек көтөрүлөт. Ушул жагдайды Шакиев түшүнбөгөнү, билбегени кандай? Дагы жакшы, тажиктер менен кырылышып жатканыбызда ушул демилге менен чыкпаганына...
Булак: NazarNews.kg