www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун алгачкы беш жарлыгы чыкты

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 29-январда алгачкы беш жарлыгына кол койду. Мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлагандай, биринчи жарлык элдин руханий өнүгүүсү жана дене тарбиясы тууралуу.

Кийинки жарлыктар кадр саясатына, ишкерлердин менчигин жана инвесторлорду коргоого, миграциялык абалды жакшыртууга жана тоо-кен тармагын реформалоого багытталган.

Кыргызстанда 2020-жылдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин бийлик чукул алмашкан. 10-январда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп, ага 17 талапкер катышкан. Добуш берүүгө шайлоочулардын 39,16% келген. Шайлоону 79,20% добуш менен жеңген Садыр Жапаровдун инаугурациясы 28-январда өткөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости