www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапаровдун кудасы жаңы кызматка дайындалды

Акылбек Жапаров жетекчилик кызматка келгенден кийин быйыл июлда өз кудасы Нурбек Алимовду Түндүк-Чыгыш бажысынын жетекчилигине дайындаган. Ал тууралуу журналист Болот Темиров түз эфирде билдирди. 

Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматы боюнча, Нурбек Алимов бажы органдарында көптөн бери иштеп келет. Өткөн жылдын 30-ноябрына чейин Нурбек Алимов Бажыдагы тариздөө борборунун тобунун башкы инспектору болуп, 2020-жылдын 1-декабрынан 31-декабрына чейин Түндүк-Чыгыш бажысында «Бишкек» ЭЭАнын бажы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 2021-жылдын 1-июнунан 30-июнуна чейин Бажы кызматынын борбордук аппаратына которулуп, ички коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости