www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жапония өкмөтү декабрдын ортолорунда Токио шаарында Борбор Азиянын беш мамлекети: Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен саммит өткөрүүгө даярданып жатат. Бул тууралуу The Japan Times гезити билдирди.
Маалыматтарда айтылгандай, жапон бийлиги Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташууну бекемдөөгө умтулууда.
“Жапония стратегиялык жактан маанилүү аймакта жайгашкан, Кытай менен Орусиянын “арткы короосу” катары да сүрөттөлгөн жана энергия, пайдалуу казындылардын бай запасына ээ бул өлкөлөр менен мамилелерин чыңдоону көздөөдө”,- деп айтылат маалыматта.
26-ноябрда тышкы иштер министринин орун басары Медер Абакиров Жапониянын Кыргызстандагы жаңы дайындалган элчиси Рюити Хиранону кабыл алган. Анда тараптар «Борбор Азия + Жапония» диалогу алкагындагы кызматташтык маселесин сүйлөшүшкөнү айтылган эле.