www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жапырт кармалган журналисттер камакта калды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 4-июлда жапырт камалган журналисттердин төртөөнүн бөгөт чарасы боюнча адвокаттардын арызына байланыштуу отурум өткөрдү.

Судья тергөө абагында отурган төрт кабарчы - “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызынын, кызматкери Азамат Ишенбековдун, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаровдун жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын бөгөт чарасын кароо боюнча адвокаттын арызын караган жок.

Адвокат Улан Сатыбеков журналисттерге билдиргендей, Ленин райондук сотунда 7-июнда өткөн баштапкы соттук угууда шектүүлөрдүн камак мөөнөтүн 8-августка чейин узарткан. Жактоочулар буга каршы шаардык сотко арыз беришкен.

4-июлдагы отурумда мамлекеттик айыптоочулар "баштапкы соттук угуудагы токтом даттанууга жатпайт" деген өтүнүч келтирип, сот аны канааттандырды. Натыйжада журналисттер камакта калды.

Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости