www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сыймык Жапыкеев башында турган Финпол жоюлду

Өкмөттүн алдындагы Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жоюлат. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү буйрукка Премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.

«Расмий маалыматтарга ылайык, көмүскө экономиканын деңгээли 130 миллиард сом же ИДПнын 23,6 пайызын түзөт. Ал эми көз карандысыз эксперттер аталган көрсөткүч 24-43 пайыз экенин айтышууда. Бул Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын иши максатка ылайык жүргүзүлбөй жатканынан кабар берет», — деп айтылат маалыматта.

Токтомдо аталган кызмат экономикалык коопсуздукту камсыздап, божомолдоо жүргүзүү функцияларын аткарышы керектиги, бирок акыркы убакта Финпол жазалоо менен гана алектенип калганы белгиленет.

Эске салсак, аталган кызматты октябрь окуяларынан соң Сыймык Жапыкеев жетектеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости