www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 КР айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков 2021-жылы өздөштүрүлгөн жерлердин аянты 6700 гектарды түзөөрүн белгилеп: "Климаттык өзгөрүүлөр жаңы технологияларды пайдалануу зарылчылыгын жаратып, тамчылатып сугаруунун көрсөткүчү быйыл 2700 гектарга жетет. Ал эми республикабызда 2 жарым миңден ашуун күнөскана бар. Тиешелүү жарлыктын негизинде быйыл үрөөн жана асыл тукум чарбаларына артыкчылык берилүүдө", - деди.

Ошондой эле быйылкы жазгы талаа жумуштары 699 миң гектар жерде жүргүзүлөөрүн айткан министр: "Бул жумуштарды ийгиликтүү өткөрүү үчүн Өкмөттүн 34-токтомунун негизинде Ачыл-чарбасын каржылоо - 9 долбоору аркылуу 6 млрд сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөн. Ага ылайык дыйкандарга жана малчыларга 6, 8 жана 10%дык ченде насыялар берилип жатат", - деп кошумчалады.

Мындан сырткары, сапаттуу үрөөн, жер семирткич, техника жана сугат суу менен камсыздоо маселелерине токтолгон Аскарбек Жаныбеков: "Буудайдын үрөөнү 85%га, арпа үрөөнү 89%га, калган өсүмдүк түрлөрү дээрлик 100%га камсыздалды. Бирок, тилекке каршы дыйкандарыбыз толугу менен сапаттуу үрөөндөрдү себе алышкан жок. Үрөөнчүлүк чарбаларыбыздын 50%ы тиешелүү талаптарга жооп бере албагандыктан, азык түлүк коопсуздугу камсыздалбай келет. Ошондуктан жылына башка өлкөдөн 350 миң тонна азыктык буудай, 90-95 миң тонна ун алабыз. Эгемендүүлүккө чейин биздин өлкө гана аталган азыктарды сыртка экспорт кылчубуз", - деп билдирди.

Бирок мурдагы айыл чарба министри Жамин Акималиев: «Биз аграгдык өлкө болгону менен азык-түлүктөрдү четтен сатып келебиз. Кыргызстан Орто Азияны шекер менен камсыз кылып турганбыз. Азыр баары талкаланды. Айрымдар жер ээсин тапты деп айтат, жер ээсин тапкан жок, кайра жетим калды. Ошон үчүн майда чарбаларды өнүктүрүш керек», - деди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости