www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда үстүбүздөгү жылдын акыркы бир айында социалдык маанидеги азык-түлүктүн баасы турукташты. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйында Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору Шухрат Сабиров билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү социалдык маанидеги азык-түлүккө болгон баага күн сайын мониторинг жүргүзүлүүдө.

«Бир жыл ичинде азык-түлүккө болгон баа кескин өстү. Алсак, кумшекер 57 пайызга, суу май 64, эт 20дан 40 пайызга чейин, картошка 70 пайызга, жумуртка 34 пайызга жогорулады. 12 ай ичинде ай сайын 3,4 пайызга өсүп жатып ушул абалга жетти», - деди ал.

Сабиров азык-түлүккө болгон баанын өсүшү мезгилдүү көрүнүш экендигин белгилейт.

«Ундун биринчи сорту 32,60 сом, экинчи сорту 25, 50 сомдон сатылууда. Нандын баасы өзгөргөн жок. Макарон арзандай баштады, сүттүн баасы туруктуу болууда. Ал эми эттин баасы бир жылда 20, 40 пайызга чейин өскөн, бирок акыркы айда анын баасы туруктуу болду. Жумуртка 3 сомго арзандады. Картошка 29 сомдон бааланууда жана баасы туруктуу», - деди Сабиров.

Монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин директору азык-түлүккө болгон баанын өсүшү дүйнөлүк масштабда да байкалып жатканына токтолду.

«Былтыр текшерүүдөн кийин 400дөн ашык мыйзам бузуу катталган. Алардын 360ына эскертүү берилген. Ошондой эле 36 субъектке айып салынган», - деп билдирди Сабиров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости