www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 10-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети «Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору биринчи окууда карап, жактырды.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыяр Калпаев, Кубанычбек Самаков, Равшанбек Рысбаев, Азамат Исираилов, Темирлан Айтиев, Илимбек Кубанычбеков, Медербек Чотонов, Гүлжан Сатиева, Чолпон Эсенаманова, Алишер Козуев, Венера Салямова, Гүлсүнкан Жунушалиева.

Демилгечилердин бири, депутат Бактыяр Калпаев белгилегендей, сунушталып жаткан өзгөртүүнүн максаты мамлекеттик башкаруунун санариптик трансформациясы шартында жарандардын кайрылууларын кароонун натыйжалуулугун жана ыкчамдыгын жогорулатуу болуп эсептелет. Анын айтымында, техникалык мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши, процесстердин автоматташтырылышы жана системалардын жогорку деңгээлде интеграцияланышы кайрылууларды кароо мөөнөтүн сапатына доо кетирбестен объективдүү түрдө 10 жумуш күнгө чейин кыскартууга мүмкүнчүлүк берет.

Министрлер кабинетинин өкүлдөрү бул мыйзам долбоорун кабыл алуу максатка ылайык эмес экенин белгилешти. Алардын айтымында, мамлекеттик органдар жарандардын айрым кайрылууларын 10 күндүн ичинде толук кандуу кароого жетишпей калышы мүмкүн.

Талкуу маалында депутат Гүлшаркан Култаева негизги маселе кайрылууларды кароонун мөөнөтүндө эмес, жарандардын кайрылууларында көтөрүлгөн маселелерди натыйжалуу чечүүдө жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө экенин баса белгиледи. Эл өкүлү Дастан Бекешев мамлекеттик органдардын жарандардын кайрылууларына берген жооптору көп учурда түшүнүксүз болорун айтып, мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Ошону менен бирге депутат «Түндүк» системасында мамлекеттик органдар жарандардын кайрылууларына жооп бербей жаткан учурлар бар экенин кошумчалады.

Андан тышкары, жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген «Электрондук акчаны мурастоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Мыйзам долбоорунун максаты электрондук акчаларды укуктук жөнгө салууда орун алган боштуктарды жоюу, аларды жарандык укуктардын объектиси катары таануу жана мыйзамда белгиленген тартипте мурастоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу болуп саналат.

Последние новости