www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ата-Журт—Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон Фархат Исмаилов менен дагы бир "Альянс" партиясынын депутаты Фарходбек Алимжановдун диплому жасалма деп табылган үчүн, Борбордук шайлоо комиссиясы мардаттарын жокко чыгарды. 

Эми аталган диплому жараксыз деп табылып, мандаты жокко чыккан депутаттар, эки жылдан бери алган акчаларын казынага кайтарышы милдет. Ал түгүл жасалма диплом менен элди, мамлекетти алдап, мыйзамдарга добуш берип, казынага зыян келтирип айлык алып, андан сырткары депутаттарга каралган жеңилдиктерден пайдаланып ар кандай каржылык чыгымдарды коротуп жүргөнү үчүн мыйзам чегинде жазага тартылышы керек. 

Себеп дегенде, дипломдору жасалма экендиктерин билип туруп, аң-сезимдүү түрдө элди алдап, эки жарым жыл депутат болушту.

Дал ушул жерде белгилеп кетчү жагдай, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова баш болгон тиешелүү адамдар дагы мыйзам чегинде жоопкерчилик тартууга тийиш. 

Эмнеге депутаттыкка талапкер болушкан кезде тиешелүү документтерин тыкыр текшерип, убагында бөгөт коюшкан эмес?.. Кайдыгерлик, шалаакылык үчүн жооп беришсин. Балким, алакан ысытып, көз жумуп коюшкан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости