www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги депутат Элдар Абакировдун Сокулуктагы ооруканада балага ийне сайууда ВИЧ жукту деген билдирүүсүнө комментарий берди.

Министрлик 2024-жылдын октябрь айында балада ВИЧ-инфекциясы аныкталганын тастыктады. Бул факт боюнча эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүү үчүн 12 адистен турган комиссия түзүлгөн.

Аныкталгандай, бала 2020-жылы күйүк боюнча медициналык жардам алган жана 4,5 жыл ичинде мезгил-мезгили менен түрдүү медициналык мекемелерге кайрылган. ВИЧ 2024-жылы клиникалык көрсөткүчтөр боюнча текшерүү учурунда аныкталган.

«Иликтөөнүн алкагында медициналык документтер, амбулатордук жана эпидемиологиялык карталар, стационарлардын бир жолу колдонулуучу медициналык буюмдар менен камсыздалышы изилденди. 600гө жакын бейтап текшерилип, алар байланышта болгон адам каралган. Алардын биринде да ВИЧ табылган эмес.

Сокулук районунун стационарында бала менен чогуу жаткан 5 бейтап, тилекке каршы, мурда каза болуп калган (COVID-19 мезгили) жана текшерүүдөн өткөн эмес. Ошол эле учурда алардын маалыматтары Республикалык ВИЧке каршы күрөшүү борборунун электрондук базасында жок.

Комиссия ВИЧ инфекциясынын парентералдык жол менен жугуу ыктымалдыгын жокко чыгарбайт деген жыйынтыкка келди»,- деп айтылат жоопто.

29-апрелде министрлик штаб өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча медициналык уюмдарга ВИЧти эрте аныктоо жана инфекциялык контролду сактоо маселелери боюнча окутууну күчөтүү тапшырылган.

Бала антиретровирустук терапия алып жатат, адистердин көзөмөлүндө. Анын абалы канааттандырарлык деп бааланууда.

 

Последние новости