www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Наманган облусунун Чуст районунда балдардын массалык уулануусу катталды. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү ооруканага жалпысынан 71 бала бакчанын жана мектеп окуучулары жаткырылган. Жергиликтүү тургундар социалдык тармактарда дароо ууланууга 20-сентябрда республика боюнча балдарга бекер таратылган йод таблеткалары себеп болгонун айтып чыгышты.

Башкы прокуратура жана Саламаттыкты сактоо министрлиги коомчулукту шашылыш тыянак чыгарбоого чакырды, анткени окуянын так себеби азырынча белгисиз.

Ооруканаларга жеткирилген балдарда дене табы көтөрүлүп, кусуу жана ич ооруу белгилери байкалган. Алардын баары жергиликтүү тогуз бала бакчанын тарбиялануучулары жана эки мектептин окуучулары.

"Райондук медициналык бирикмеге кабыл алынган балдардын бардыгы белгиленген нормалар боюнча дарыланышууда. Акыркы диагноз коюу үчүн керектүү үлгүлөр алынып, текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Балдардын абалы канааттандырарлык, бир дагы баланын абалы оор эмес, 10 баланын абалы жакшырганына байланыштуу үйлөрүнө жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта. 

Кырдаалды саламаттыкты сактоо министри көзөмөлгө алды. Прокуратура тарабынан тергөөгө чейинки текшерүү жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости