www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) Сербиядагы дүйнө чемпионатын жеңгенден кийин Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтингинде кайра биринчи орунга көтөрүлдү.

Тыныбекова 21-сентябрда дүйнө биринчилигин утуп, дүйнөнүн үч жолку чемпиону болгон. Дүйнө чемпионатында 62 кг салмакта күрөшкөн балбан кыздардын беттештери аяктагандан кийин, анын жыйынтыгы боюнча Дүйнөлүк күрөш уюмунун рейтинги жаңыртылган. Рейтингде экинчи орунда турган Айсулуу Тыныбекова кайра биринчи орунга көтөрүлгөн. Ага финалдагы жеңиши үчүн 45 миң упай берилген.

Эскерте кетсек, буга чейин рейтингдин сап башында америкалык Кайла Миракл турган.

Жаңыланган рейтинг

Эски рейтинг

Последние новости