www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бабанов коңулдан чыгып кыймылдай баштады

Өзүнө ыңгайлуу учурда булуттан чыккан айга окшоп пайда болуп, башына сыноо түшкөндө акыйкат сөзүн айтканга жарабай чээнге кирип бекинип алмайы бар Өмүрбек Бабанов жанданып, кыймылдай баштады. Коңулдан чыгып, саясий горизонтто пайда болгонуна караганда бир нерсенин жытын алган көрүнөт. Болбосо, караса көзгө илинбей, кайда экени билинбей, кумга сиңген суудай ың-жыңын билгизбейт эле. 

Болгондо дагы Кабмин төрагасы Акылбек Жапаровдун колтугунан төбөсү сорок эткенине караганда, күтүп жүргөн ыңгайлуу учуру келген окшойт. Минтип, "эшек курту" ойгонуп, бийлик төбөлдөрүн жандап калганына караганда, жакынкы аралыкта кызматка барууну максат кылып жаткандай... 

Дегенибиз, башына сур булут айланып, карайлап калганда куйрук түйүп, саясаттан кеткенин айтып көзүн алайткан неменин Жапаровду жандап калганында кеп бар. Жөн жеринен куйругун шыйпаңдатпайт эле... 

Анан да өзүн социалдык тармактарда "кыйын, мыкты менеджер" дедиртип мактап жаздыра баштады. Мындайды Бабанов уктап туруп, башы ооруганынан эле жасай бербесин эске алсак, демек, жакында кызматтан көрүп калышыбыз мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости