www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сутенерша деле адам министр болсо эмне экен? Бирок сутенершалар көбүнчө ач көз болушат. Ач көздүгүнөн айынан «проституткалар» менен эркек бай сойкулардын ортосунда соода кылышып, ушул жерден өлөрчө пайда табышат. «Проституткаларды» эркек сойкулар сатып алышат же «эркек проституткаларды»  бай аял сойкулар сатып алышат. Гүлкан Молдобекова же «Мамочка Гулкан» сыяктуу сутенершалар ортосуна түшүп миллиондорду табат. Жайы боюу каникулда жүрүп сүйгөн кесиби менен алпурушуп жүргөн «Мамочка Гулкан» мойнунан байлаган эшектей болуп артка парламентке кайтар убак келген.

Капылеткен Украинада сутенер-министр Резникти ордунан алып ыргытты. Бул кырдаал Гүлкан Молдобекова же «Мамочка Гулкан» сыяктуу сутенершаларга катуу тийди. Сутенерша -депутат Гүлкан Молдобекованын айтымында аларды колдоп тургандардын бири Акылбек Жапаров. Мүмкүн ал ага дагы профсоюз мүлкүнөн үлүш берүүгө убада кылгандыр, антсе дагы, буга ишенүү кыйын. Г.С.Молдобекова үчүн кимди болбосун, айрыкча, жогорку кызматтагы адамды каралоо түккө арзыбайт. Бирок, факт деген факт. Себеби, Асанакунов менен Молдобекованы жогорку бийликте тургандардан кимдир бирөө колдоп жатат, болбосо, аларды эбак темир тор артына жөнөтүшмөк. Бир жолу  Асанакунов: «Мени Акылбек Жапаров колдойт. Ал менин колумда» деп катуу күпүлдөгөн деп айтышат. Бирок, буга да ишенүү кыйын, ал минтип Биринчи май райондук сотунун имаратында айткан

Айрым жетекчилер жана жогоруда көрсөтүлгөн күч түзүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери Асанакунов менен Молдобекованын жашыл сөлкөбайлары үчүн жанын берип, буйрутмаларды аткарышат. Мисалы, Бишкек ШИИБнын тергөөчүсү У. Баялиев М.А.Асанакуновдун кызыкчылыктарын ачык эле коргогон. Бул жөнүндө 2020-жылдын 5-февралында ПФКнин Кеңешинин отурумунда М.А.Асанакуновдун төрага кызматынан алууга добуш берген профсоюз лидерлерине карата ойдон чыгарылган кылмыш ишин ачкан. Аларды ээлеген кызматынан четтетип, үй камагына киргизип, анан калса, алардын мүлкүн камоого жеткиргидей мамлекеттин алдында кандай кылмыш ишин кылышты экен? 

Асанакуновдун коррупциялык иштерине каршы чыккан профсоюз лидерлерине тергөөчү каракчыларга жасагандай же болбосо, Асанакунов эмес эле алар уурдап, чоочун коомдук мүлктү өздөрүнө менчиктеп алгандай мамиле кылышты. Тергөөчү Баялиев болушу керек. Өзү юрист, бирок, профсоюздар көз карандысыз коомдук уюм экенин жана бардык ички уставдык маселелер ПФКнын Кеңешинин отурумдарында (күч түзүмдөрүн тарабынан) чечиле турганын же кезектеги съездде (кезектеги эмес) отурумдарда чечиле турганын түшүнбөйт. КРнын мыйзам ченемдери боюнча ПФКнын ички ишине мамлекет, партиялык органдар же башка уюмдар тарабынан кийлигишүүгө тыюу салынган. Ошентсе дагы, бул бир гана МЫЙЗАМ, андыктан, азыркы убакта М.А.Асанакунов тарабынан толугу менен жалданган Бишкек шаардык прокуратурасы "профсоюздун ички иштери боюнча" териштирүүнү улантууну эңсеп турат. Алар муну Башкы прокуратурадан көрсөтмө келгендиги менен түшүндүрүүгө аракет кылышууда жана ал тургай бул ишке Минкабдын т-рагасы Акылбек Жапаров мырза кийлигишип жатканына ишарат кылышууда. Бул жөнүндө жакындарына Г.С.Молдобекова Г.С. айтып, мактанып жүрөт жана бул жерде погондорду жана кызматты пара алуунун "ыкмасы" катары гана караган "ментуранын дагы бир шабашниги" жөнүндө дагы кеп кылбай кетсек, адилетсиздик болор. Кеп Бишкек шаарынын Биринчи май ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Абдраев.М. жөнүндө кеп кылабыз. Дал ошол "Именно он дважды закрыл уголовное дело" М.А.Асанакуновдун рейдерлик жол менен Профсоюздар үйүн басып алуу боюнча ишти эки жолу жапты. Ага "мончочу" канча пул төлөгөнүн купуя кармайт, анын абийирсиздик менен айткандарына караганда "шабашкаларынын" бир бөлүгүн жогору жакка берет имиш.

Андыктан, майордун жана анын жетекчилигинин абийиринин баасы канча турарын "курсагы тойгон менттер" гана билишет. Андыктан, Асанакунов өзүн ээн жердин бөрүсүндөй эркин сезип, азыркы учурга чейин ПФКнын имаратында өз тобу менен отурат. Ал аралыкта рейдерлик баскынчылык фактысын далилдөө кыйын деле эмес, баары үстүндө жатат. Ошентсе да, бүгүн өлкөдө прокуратура дагы, сот органдары дагы, милиция дагы иштебейт, бар болгону "доллар мырза" иштейт. Анткени менен, профсоюздардын өзү жана митаам экс-төрага жөнүндөгү маселеге кайтабыз.

. Профсоюздардын көйгөйү профсоюз лидерлеринин Асанакунов сыяктуу бай эместигинде, анткени, алар күч түзүмдөрүнүн "көңүлүн алганга" алдары келбейт. Алардын Асанакуновдукундай мыйзамсыз байыган менчик мүлкү жок. Алардын элиталык мончолору, сауналары, мейманканалары, батирлери, бир саатка, бир суткага, күнгө, түнгө ижарага  берген квартиралары жок. Ал Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эки ирет иштеген жана бул облусту өнүктүрүү фондунан каражаттарды максатсыз пайдалануу менен 2010-жылдан 2015-жылга чейин ачкан курулуш компаниялары жана ресторандары жок. Профсоюздардын чыныгы лидерлери "жаза" иретинде Бишкек эркин экономикалык аймагын жетектөөгө жана байлыкка марышы үчүн  жөнөтүшкөн эмес. Ал жакта дагы мүлкүн конфискациялоо менен узак мөөнөткө абакка жатканга жеткидей уурдаган, Бишкек ЭЭАгын жетектеп турганда дагы КРнын кылмыш мыйзамдары менен чатагы болгон. ПФК Кеңешинин чечими менен 2020-жылдын 5-февралынан кийин Асанакунов ПФКнын төрагасы кызматынан расмий документтерди жасалмалгандыгы үчүн кеткен. Бирок, ал дагы эле оюна келгенин кылып отурат. ПФКнын кезектеги тышкаркы 24-съездинин чечимин жараксыз деп табуу жөнүндө абсурддук бир нече доо арыздарын уюштурду. Анткени менен съезд ПФКнин уставына ылайык өткөрүлгөн. Бул Чүй-Бишкек Юстиция башкармалыгы, КРнын Жогорку Соту тарабынан тастыкталган, ошондой эле, Бишкек шаарынын Административдик соту 2021-жылдын 16-августунда өзүнүн токтому менен күчүндө калтырылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

Последние новости