www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаш кан адамды жашартабы?

Калыбы, америкалык окумуштуулар жашартуу үчүн улгайган кишилерге жаш кан куйган. Орто кылымдагы ыкманы эми эстешти көрүнөт. Алар жаш бойдон калсам дегенде ак эткенден так эткен кардарларга өздөрүнүн кызматы 8 миң доллар эле турарын билдиришет. Экспериментаторлордун ишендирип айтканына таянсак, эгерде организмге дайыма ден соолугу чың, жаш адамдын донор каны куюлуп турса, анда ал 10-20 жылга жашарат имиш.

Анткен менен классикалык медицинанын кармануучулары мындай ыкманын натыйжалуу болгонун эч качан укпаганын жана далил жоктугун айтып, четке кагышууда. Ошондой эле кан куюу ыкмасы өтө кооптуу экенин, адам өмүрүнө кээде коркунуч жаратарын эскертишет, - деп жазып чыкты "Сырдуу дүйнө" гезити бүгүнкү чыккан санында. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости