www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы депутат Ширин Айтматова акыркы учурларда оюн айтамын деп өзүнүн жүзүн ачып алганы көп эле байкалып турат. Алгач коомчулукка чыга баштаганда эл оозуна алынган, азыр тескерисинче.
Ак менен караны ажырата билбеген "Ширинканын" ак калпак менен байпакты саясатка байланыштырып жазган пикири социалдык тармактын колдонуучуларынын кыжырын кайнатты.
Айтматова Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча кыргыз саясатчыларына кайрылып пост жазган.
"Тышкы саясат өлкөнүн имиджине кандай таасир этет силерди тынчсыздандырбайбы? Ак калпак жана байпактан башка көптөгөн факторлор бар", - деп жазган Ширин Айтматова.
Ширин Айтматованын пикирине белгилүү журналист Шайырбек Абдырахман өзүнүн социалдык баракчасынан жооп берди.
"Саясатыңарды калпакка асылбай эле жүргүзө бергилечи байболгурлар! Депутаттарга Саймаитинин өлүмү жана ал минип жүргөн КРге тиешелүү дипломатиялык номер жөнүндө маселе көтөрүңүздөр – деп эле кайрылса болбойбу? Ак калпак, байпак деген сөздөрдүн эмне кереги бар эле? Же бул аларды кемсинткендеги сөзбү? Андай болсо, эл өкүлдөрүнүн ыйыгына тийип, ичин күйгүзө турган толтура сөз бар го калпактан башка деле!", - деп жазган Шайырбек Абдрахман.
Ошентип Ширин Айтматова дагы бир жолу тилинен чалынып, бул жолу саясатчыларга асыла коём деп, ордунан туруп “чапкыртып” салды.
Булак: NazarNews.kg