www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик каттоо кызматынынын алдындагы транспортторду каттоочу “Унаа” мамлекеттик ишканасында “бардак” болуп жатканы маалым болду. Маалыматка караганда, жаңы катталган унааларга номер берилбей жатыптыр. NazarNews.kg маалымат агенттигине төмөнкүдөй кат келди: “Унаа каттоодо хаос. Машина сатып алгандар номерлерин ала албай жатат. Эмнеге десең номер жок дейт. Качан болот деп сурасаң, белгисиз деп жатышат”.
NazarNews.kg маалымат агенттиги бул боюнча жооп алуу максатында Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды:
“Азыркы учурда, 2020-жылдын башынан ЕАЭСге кирбеген үчүнчү өлкөлөрдөн автоунааларды алып кирүүгө бажы төлөмдөрү бир топ эсе көтөрүлүшү күтүлгөндүктөн, башка айларга караганда Кыргызстанга алынып келген унаалардын саны бир топ эсеге көбөйдү. Ошого байланыштуу мамлекеттик номерлерге суроо-талап көбөйүп, айрым учурларда номерлерди жасап чыгарганга жетишпей калуудабыз”.
Жетекчилиги жеке пиар менен алектенбей, өздөрүн байдын кызындай мактатпай номурларды жасап жетишүүнүн жолун ойлонсо болот беле?..
Булак: NazarNews.kg