www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жаш кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, 2025-жылдын 27-сентябрында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Барскоон айылынын тургуну Т.А. жана Тоң районунун тургуну К.Н. арыз менен кайрылышып, 2008-жылы туулган М.А. Каракол шаарындагы курбусуна чыгып, ошол бойдон үйүнө кайтып келбегендигин билдиришкен.
Арыз Жети-Өгүз РИИБдин МЭЖне катталып, тергөөгө чейинки текшерүү жана издөө иштерине алынган.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында шектүү Бишкек шаарында,Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ал 1984-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну А.К. экени такталган.
Алдын ала сурак маалында шектүү А.К. 27-сентябрда жашы жете элек М.Аны күч колдонуп зордуктап, мыкаачылык менен өлтүргөнүн жана анын жансыз денесин Чүй облусунун Кемин районунун аймагына таштап кеткенин мойнуна алган.
Факт Жети-Өгүз РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү А.К. 2025-жылдын 30-сентябрында Жети-Өгүз РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Азыркы учурда ар тараптуу жана толук кандуу тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат жана тийиштүү экспертизалар дайындалды.