www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тилекке каршы 30 жылда Тажикстан менен Түркмөнстанда, эч бир өзгөрүү жок. Мындай пикирди Ташкенттеги эл аралык Вестминстер университетинин окутуучусу, Норвегиянын эл аралык мамилелер институтунун илимий изилдөөчүсү Жавлон Жураев билдирди. 

--"Тажикстан менен Түркмөнстанда, тилекке каршы, эч бир өзгөрүү жок. Бул эки өлкө авторитардык бийлик чеңгелинен чыга элек.

Талашсыз, Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдө мамлекеттик башкаруу Советтер Союзунан мураска калган. Андыктан кайсы өлкөнү алба, бийликтин борборлошкон ыкмасы иштеп жатат.

Өзбекстанда соңку кезде мамлекеттик башкарууда өзгөрүүлөр байкалат, бул жерде парламенттин ролу жана салмагы өсүп жатат.

Ошол эле убакта парламентаризм Борбор Азиядагы постсоветтик өлкөлөрдө анча сиңип кете алган жок. Аймактагы бардык мамлекеттердин Конституциясында «бийлик бөлүштүрүү» деген бар. Бирок иш жүзүндө андай принцип иштебей жатат", - дейт изилдөөчү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости