www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы 26-сентябрда спецназдын катышуусунда тергөөчүнүн жана соттун чечиминин негизинде Соттук өкүлчүлүк борборуна байланыштуу акчаны максатсыз колдонуу боюнча документтерди алуу үчүн Финансы министрлигинде тинтүү жүргүздү.
Тинтүү 1,5 миллион сомдун ордуна 6 миллион сом ашыкча коромжу кылган деген негизде жүргүзүлгөн. Бирок министрдин иш бөлмөсүндө эч кандай тинтүү болбогонун министрликтин маалымат кызматы таратты.
Жээнбаева болсо 30-сентябрь күнү Финансы полициясына суракка барбай, Арменияга Жогорку Евразиялык Экономикалык Кеңештин жыйынына катышканга президент Сооронбай Жээнбековду коштоп учуп кетти. Мына сага коррупция менен күрөш, - дейт "Фабула" гезити.
Булак: NazarNews.kg