www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Боорукер, бирок начар маалымат алган өспүрүм!”. Бул 16 жаштагы экоактивист Грета Тунбергдин Тивиттердеги жаңы оңдолгон жазуусу.

Окуучу кыздын мындай жазганына себеп, орус президенти Владимир Путин анын дарегине карата айткан сын-пикирден улам жаралгандай.

Тагыраагы, БУУнун саммитинде Тунберг айткан сөздөргө карата орус лидери өзүнүн пикирин билдирген. Анда, заманбап дүйнө көп кырдуу жана оор экенин окуучуга түшүндүрүп берген акылдуулар болбогонун белгилеп, максаттар канчалык асыл экенине карабай, ага жетиш үчүн балдарды, өспүрүмдөрдү колдонуу туура эмес экенин айтып Путин кейип дагы жиберген. Ошол эле учурда Грета – “боорукер кыз” дегени дагы бар.

Эске сала кетсек, 23-сентябрда климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүгө арналган БУУнун саммитинде Тунберг эмоционалдуу сөз сүйлөгөн. Ал балалыгын тартып алганы үчүн бир катар ири өлкөлөрдүн лидерлерин күнөөлөгөн. Айтымында, экосистема толук бойдон өлүккө айланууда. Мындай мамиледен улам, эми андай олуттуу катачылыкты өсүп келе жаткан өзү теңдүү жаңы муун гана чечет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости