www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанга Гананын тышкы иштер министри Сэмуэль Окудзето Аблаква расмий иш сапары менен келди. Учурда ал Тышкы иштер министрлигинде министр Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда.
Гана өлкөсүнөн келген делегацияны жылуу тосуп алган Жээнбек Кулубаев, бул сапар аталган өлкө менен Кыргызстандын мамилесин жаңы барактан ачып жаткандыгын белгиледи.
"Биз сиздин бул сапарыңызды кыргыз-гана мамилелеринин өз ара кызыкдарлыктын саясий белгиси катары баалайбыз. Бул сапар ортодогу диалогду өнүктүрүп, келечектеги практикалык кызматташууга жакшы негиз түзөт деп ишенебиз.
Ортодогу географиялык алыстыкка карабастан, биз сиздерден жаңы дипломатиялык өнөктөштү гана эмес, суверендүүлүктү коргоо, климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында туруктуу өнүгүү, көп тараптуу дипломатиялык берилгендикти жана айлана-чөйрөнү коргоону максат кылган достукту көрүп жатабыз", - деди ТИМ башчысы.
Ал эми Сэмуэль Окудзето Аблаква Кыргызстан Гана менен кызматташып жаткан Борбордук Азиядагы алдыңкы өлкөлөрдүн бири экенин, президент Садыр Жапаровдун келиши менен анда туруктуулук орногонун белгиледи.
"Биз сиздердин өлкөдөгү "Кумтөр" кенинен кабардарбыз. Ганада дагы дүйнөдө алдыңкы бештикке кирген ири алтын кени бар болгондуктан, биз сиздер менен алтын кени боюнча кызматташууга кызыкдарбыз", - деди Окудзето Аблаква.
Алдыда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү перспективалары талкууланып, бир нече документтерге кол коюлат.
Белгилей кетсек, Сэмуэль Окудзето Аблаква күн мурун Кыргызстанга келген. Анын расмий иш сапары эртең, 17-мартта аяктайт.