www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

2026-жылдын 13-февралында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бишкек шаарына расмий сапар менен келген Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Ермек Кошербаев менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тышкы саясий ведомстволордун жетекчилери саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын кеңири талкуулашты.

Тараптар мамлекет жана өкмөт башчылары тарабынан өлкөлөр ортосундагы Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин 7-жыйынында жана Өкмөттөр аралык кеңештин 13-жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарлардын графиги макулдашылды.

Кызматташтыкты практикалык нукка өткөрүүнүн алкагында министрлер эки өлкөнүн чек арасындагы индустриалдык соода-логистикалык комплексин куруу, Алматы облусунда мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды сактоого арналган дүң бөлүштүрүү борборун түзүү, Ысык-Көл – Алматы альтернативдүү автожолун салуу, ошондой эле кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө пункттарды жана көпүрөлөрдү модернизациялоо сыяктуу маанилүү долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин карап чыгышты.

Инфраструктуралык өнүгүү менен катар, тараптар айыл чарба тармагында жана өнөр жай кооперациясында аймактар аралык кызматташтыктын толук пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөрү бар экенин белгилешти. Ушуга байланыштуу учурдагы перспективаларды изилдеп чыгуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Көп тараптуу аянтчаларда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо маселелери боюнча пикир алышуу болду. Бул өңүттөн алганда, тышкы иштер министрлери регионалдык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча позициялардын окшоштугун жана эл аралык уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендиктерин тастыкташты.

Мындан тышкары, тараптар билим берүү, саламаттык сактоо жана жаштар саясаты тармактарындагы демилгелер аркылуу маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө берилгендигин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда министр Ж. Кулубаев казакстандык тарапты алдыда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына активдүү катышууга чакырды.

Последние новости