www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Москва шаарында өтө турган Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына жана “Борбор Азия – Россия” форматындагы министрлер жолугушуусуна катышат.

ТИМден билдиришкендей, КМШнын ТИМК жыйынында эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана КМШ алкагындагы кызматташтык боюнча пикир алмашуу, ошондой эле шериктештиктин жогорку органдарынын кароосуна сунуштала турган документтерди кабыл алуу пландалууда.

Борбор Азия – Россия форматындагы тышкы саясий ведомстволордун жетекчилеринин жолугушуусунда катышуучулар Душанбе шаарында өткөн ушул форматтагы экинчи саммитте мамлекет башчылары тарабынан бекитилген 2025–2027-жылдарга карата биргелешкен иш-аракеттер планынын ишке ашырылышын талкуулашат.

Бул контекстте соода тоскоолдуктарын жоюу, транспорттук-логистикалык коридорлорду өнүктүрүү жана регионалдык коопсуздукту чыңдоо боюнча практикалык кадамдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Последние новости