www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбай Шариповичтин президент болгонуна көздү ачып-жумгуча эки жылдан ашык убакыт өтүп кетти. Жээнбековдун 2019-жылдын 16-ноябрында 61 жылдыгын өткөзбөй эле коюшубуз керек. Акаев менен Бакиев маараке өткөзөбүз дешип, 61 жашында оңкосунан кетишкен, Атамбаев менен Отунбаева 61 жашында президенттикти өткөзүп берди. 2019-жылдын 16-ноябрында бийликтин жаңыдан кызыгын көрө баштаганда Жээнбеков да 61 жашка толгону жатат. Негизи кыргызда алтымыш бир жаш символикалуу, дайыма президенттер алтымыш бир жашында бийликтен кетип жүрүшүп, бардыгыбыз  алтымыш бир жаштагы Жээнбековду жал-жал карап эми эмне болуп кетер экен деп турабыз.

Сооронбай Шариповичтин президент болгонуна эки жылдан ашык убакыт болуп кетти. Ушул жылдары олуттуу эмнелер бүттү? Завод, фабрика,  ГЭСтер курулган жок. Владимир Путин менен көрүшпөй калса сагынышып кетеби, улам-улам барып жатып эшигин жыртты. Ал эми Дональд Трамп менен 2018-жылы сентябрдын аягында Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында жолугуп келген. Кыргыз Нью-Йоркко барса да кыргыз. Көөкөрдү көйкөлтүп көтөрүп алышат экен. Бой, келбети жагынан Трампка тете биздин  президент анча-мынча президенттерди алдыга салбайт окшойт, анын үстүнө көтөргөн көөкөрү бар эмеспи. Орустар барышса «самогонун» салып алган деп ойломокпуз, казактар «шубатын», грузиндер «ча-часын» салып алмак, биз болсо көөкөргө толтура кымызды куюп алабыз.  Деги кымызыбыз АКШга жеткиче ачып-кычып кетпесе болду. «Кызды сураганга бер, кымызды ичкенге бер» дейт, кыз берели десек, Трампка кайсы кызыбызды беребиз, ансыз деле кыргыз эли салыштырмалуу азбыз, ал эми кымызды Трампка бере берсе болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости