www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров батир ээлерин бааны көтөрбөөгө чакырды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Төмөндө мэрдин кайрылуусунун толук тексти:

«Урматтуу жарандар!

Бүгүн мен сиздерге борборубуздагы ижара рыногунда түзүлгөн өзгөчө кырдаалга байланыштуу кайрылгым келет.

Ар кандай себептерден улам, мисалы, пандемиядан улам келип чыккан экономикалык кризиске байланыштуу же Россия Федерациясынын жарандарынын массалык агымы сыяктуу тышкы саясий факторлор Бишкектеги турак жайга болгон суроо-талапка чоң таасирин тийгизди. Натыйжада, тилекке каршы, кээ бир абийирсиз батир ээлери турак-жайга болгон суроо-талаптын эбегейсиз экендигинен пайдаланып, бааны негизсиз эки-үч эсеге кымбаттатып жиберген фактыларына күбө болуп жатабыз. Андан тышкары, эгерде ижарачылар жаңы бааны төлөй албаса, алар турак жайынан көчүп кетүүнү талап кылышууда.

Мындай абалдан башка рыноктун катышуучулары да пайдаланышты. Риэлторлор да өз кызматтарына бааны көтөрө баштаганы тууралуу далилдер бар.

Батирлерде жашоого аргасыз болгон шаардыктарыбыз – тууган-туушкандар, достор, кесиптештер, тааныштар материалдык жана моралдык чоң кыйынчылыктарга туш болушту. Көпчүлүгү туугандарыныкына көчүп кетүүгө аргасыз болсо, башкалары баанын кымбаттыгынан үй таба албай жатышат. Мунун баары мектептерде жаңы окуу жылы башталып, көптөгөн жашоочулар мектептин жанында туруктуу ижарага алынган турак жайга ээ болууну каалаган учуда, эң негизгиси, сууктун башталышынын алдында башталды.

Мен абийирдүү ижарачыларды четте турбоого, муктаж болгондорго жардам колун сунууга жана ижарага берилген турак жайлардын баасын көтөрбөөгө чакыргым келет.

Келгиле, кыйын учурда бири-бирибизди колдойлу, мекендештерибиздин көйгөйлөрүнө түшүнүү менен мамиле кылалы – жеңил акчаны издебейли! Биз бири-бирибизди түшүнүп, колдоо көрсөтө аларыбызга ишенем», - дейт мэр.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости