www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия өзөктүк жаңжалга жеткирбөө принцибин карманат. Бул тууралуу 6-октябрда орус Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова билдирди.

“Орусия Федерациясы өзөктүк согуштун тутанып кетүүсүн алдын алуу принцибин толук карманат. Биз муну бир нече жолу айтканбыз, азыр да кайталайбыз. Андай согушта жеңүүчү болбойт, ага эч качан жеткирбеш керек”, - деди Захарова.

Ошол эле маалда орус президенти Владимир Путин жана башка жогорку жетекчилер Москванын “өз жерин, анын ичинде жаңы кошуп алган аймактарды коргоо үчүн колдо бар аскердик каражаттарды пайдалануу укугу бар” деген билдирүүлөр курулай сөз эместигин эскертишкен.

Батышта Орусия өзөктүк курал пайдаланат деген ыктамалдыкты жокко чыгарбагандар көп.

Москванын аскердик доктрикансында өлкө жок болуп кетүү коркунучуна кептелсе, өзөктүк курал колдонууга укуктуу деп жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости