www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Төрөбаевге стандарттуу эмес суроо берди

Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар төрт ведомствонун министрлерине талапкерлерди бекитүү маселесин кароодо. Аларды сунуштоо үчүн парламентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев келген.

Жыйында депутат Нурлан Ражабалиев: “Бакыт Эргешович, стандарттуу эмес суроо. Барыбыз Баткен облусун калыбына келтиребиз, көтөрүбүз, өнүктүрөбүз деп айтып жатабыз. Бирок, министрлер кабинетинде Баткен облусунан болгон бир дагы мүчө жок. Элдин көйгөйүн көтөрүш үчүн бирөөнү коюп берсек, иштеп бербейт беле? Сиздин оюңуз?”, — деп сурады.

Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев: “Мен колдойм. Бул президенттин чечими. Баткенден чыккан эр-азаматтар бар. Баткен облусу, айрыкча Лейлек району жүрөгүбүздө турат. Баткен жана Лейлек райондоруна 125 млн сомдон акча каражаттары бөлүндү. Турак жайларды курууга 3 млрд сом каражат берилди. Учурда 420 үй жараксыз болуп турат. Жалпы 600дөн ашык үй болуп эсептелген. Биздин негизги тапшырмабыз, алардын турак жайларын куруп, үйлөргө киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Жабыркаган үй-бүлөлөргө 200 миң сомдон компенсация берилет”, — деп жооп берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости