www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүн блогер, саясатчы деп атагандарды сынга алды.

"Акыркы учурда өзүн “блогер” жана “саясатчы” атап алган жаштарыбыздын чектен ашып баратканы өкүндүрөт. Эл башкарууну кой, 3 адамды башкарып көрбөгөн, чакан жамаатта жетекчилик тажрыйбасы жок туруп мамлекетти кантип башкаруу керектиги тууралуу акыл үйрөтүп жатат. Өлкө башчысын дебатка чакырып, популисттик чакырыктар менен элдин көңүлүн өзүнө бургусу келүүдө.

Дагы бирөөсү түз эфирге чыгып алып, өтө орой түрдө жалган жалааларды, оор айыптоолорду президенттин, жогорку бийликтин дарегине айтууда.

Муну сөз эркиндигинин жетишкендиги эмес, ээн баштык, тарбиянын жоктугу, эч кандай жоопкерчиликти сезбегендик деп бааласак болот.

Мында эң эле өкүнүчтүүсү аларды айрым жаштар үлгү катары көрүп жатканы.

Мамлекет башчысы ансыз деле маанилүү маселелерге эл менен жеринде жолугушууларда, соцтармакта токтолуп, түшүндүрүп берүүдө. Эми бардык иштерди жыйыштырып, ар бир өзүн акылдуу сезгени менен дебатка чыгуусу керекпи?

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости