www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет тарабынан жүргүзүлө турчу коронавируска каршы эмдөө акысыз болот. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, өлкөдөгү фармацевтикалык компаниялар дагы калкты эмдөөнү көздөп жатат. Бирок бул учурда акы алынат.

«Эмдөө иштери башталгандан кийин айрым учурларда жеке клиникаларга эмдөө жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн беребиз. Биз дарылардын баасын көзөмөлдөп турабыз. Мисалы «Спутник V» дарысынын биринчи дозасынын баасы 8-10 (болжол менен 680-850 сом) доллар болот. Экинчи дозасы дагы 8-10 долларга сатылат. Тактап айтканда алгач биринчи компоненти, 20-25 күн өткөндөн кийин экинчи компоненти куюлат», - деди Бейшеналиев.

Ал Кытайдын «Синофарм» дарысы россиялык вакцинага салыштырмалуу арзан болорун айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости