www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүбүздөгү эле бай саясатчы адамдарыбыздын бири айткан эле: “Кыргызстанда бай болуш кандай азап…”- деп. Ар ким ар кайсы жагынан “талай” бергенин айткысы келип. Азыркы кеп да ушул көрүнүштүн тегерегинен чыгып жатат окшойт. Анткени бүгүнкү коом, жашообуздун реалдуулугу ошондой: эл, анын ичинде журналисттерде да чөнтөктүн бечаралыгын жашыра албайбыз.

Басылмалар өзүн актабаса, журналисттер башка кесипке кетип кала алышпаса анан кандай болуш керек? Бул турмуш жагынан алганда, ал эми конкреттүү айта турган болсок, биринчиден, журналисттердин мүлкүн текшерүү бул өтө ашыкча, а тургай орой айтылган сунуш. Журналисттерден мурда токтоосуз түрдө мүлкүн тизмектей турган эски-жаңы чиновник, саясатчыларыбыздын узун тизмесин ойлошсун.

Экинчиден заман күн санап өзгөрүп жатат, ошого жараша журналисттердин катмары да ар түрдүү өзгөрүшү бул нормалдуу көрүнүш. Джип минеби же велосипед менен жүрөбү ар кимдин өз кудурети жана каалоосу. Ал эми үчүнчүдөн — ​биз журналисттер дагы өзүбүздү дайыма сүттөй ак кыла бергенден алыс болгонубуз оң. Өзгөчө акча маселесин кесибибизге аралаштыргандан сак бололу.

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости