www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркияда 6-февралдагы катуу жер титирөөдөн жабыркаган Газиантеп провинциясынын Нурдагы шаарынын мэри камакка алынды. Haber7 порталынын маалыматына караганда, жер титирөөгө туруштук бере албаган үйлөрдү тургузган курулуш компаниясынын ишине Оккеш Кавактын тиешеси бар делген.
Нурдагы - 40 миң калкы бар шаар. Жер титирөөнүн натыйжасында бул жердеги имараттардын көбү жарактан чыккан. Буга чейин шаарды толугу менен бузуу чечими кабыл алынганы маалымдалган. Ошондой эле бир нече күн мурун шаардын муниципалдык кеңешинин депутаты жана урап калган имараттарды курган компаниянын ээси кармалган.
Акыркы маалыматтар боюнча Түркияда жер титирөөдөн 44 218 адам каза болду. Көп өтпөй 340ка жакын адам камакка алынган - негизинен топ-менеджерлер жана курулуш компанияларынын кызматкерлери.
Булак: NazarNews.kg