www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 3-майда, саат 10:47де катталган жер титирөөдө жабыр тарткандар бар экени айтылууда. ӨКМдин маалыматында айтылгандай, Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунда жер силкинген маалда кулап түшкөн сарайдын дубалы бир кишини басып калган. Бактыга жараша жергиликтүү жашоочулар жабырлануучуга өз убагында көмөк көрсөтүшүп куткарып калышкан. Ал эми үйдө жалгыз калып, чайпалуудан чочуп калган эки кызга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн. Буга улай, аталган райондун Жекенди айылдык округунун Карамык айылында 10 тамдын дубалдарында жарака кетип, жашоого кооптуу деп табылды. Ошондой эле бала бакча, мектептин дубалдары да зыян тартып, бир оорукананын имараты керектен чыккан.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Алай районунан күн-батыш тарапты көздөй 30-40 чакырым алыстыкта орун алып, күчү очогунда 6-7 баллга жеткен. Ош, Баткен, Исфарада 3-4 балл, ал эми Бишкекте 2-3 баллдык силкинүү байкалган.

Булак: "egemen.kg"

Последние новости