www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык «Жеткинчек» гезити кайрадан ишин жандантты. Бул тууралуу журналист Абибилла Пазылов билдирди.
«Балдардын жана өспүрүмдөрдүн республикалык «Жеткинчек» гезитин (мурдагы «Кыргызстан пионери») кайрадан калыбына келтирүү иши улантылып жатат. Маалым болгондой, береги басылманын басылып чыгышы жана окурмандарга тарашы кийинки жылдары ар кандай себептерге байланыштуу абдан солгундап кеткен.
Бүгүн, 2022-жылдын 30-августунда «Жеткинчектин» быйылкы жылдагы экинчи саны, негизделгенден берки алты миң сегиз жүз жыйырма төртүнчү саны жарык көрдү. Бул санда жарыяланган материалдардын басымдуу бөлүгү Билим күнүнө арналат.
Гезиттин редакциясы Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар маселелери боюнча министрлиги менен биргеликте басылманын мезгилдүүлүгүн көбөйтүү, көркөм-жасалгалоо деңгээлин көтөрүү, окумдуулугун арттыруу боюнча иш-чараларды белгиледи. Быйыл ноябрдан баштап «Жеткинчекке» почта бөлүмдөрү аркылуу жазылууга да мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Айтса, эмдиги, 2023-жылы балдардын кыргыз тилинде чыккан гезитине токсон жыл толот. Аталган мезгилдин ичинде «Жеткинчек» далай-далай жаш муундарды тарбиялоого өзүнүн салымын кошту. Бул гезитке тырмак алды чыгармалары жарыяланган бала кабарчылар азыр белгилүү акын-жазуучулар, журналисттер, окумуштуулар, окутуучулар, коомдук ишмерлер.
Басылманын редакциясында кезинде Сүйүнбай Эралиев, Камбаралы Бобулов, Касым Каимов, Муса Жангазиев, Жолдошбай Абдыкалыков, Дүйшөбүбү Жамансартова, Турар Кожомбердиев сыяктуу таанымал калемгерлер эмгектенген. Гезит советтик «Ардак белгиси» ордени менен сыйланган», - деп белгилеген ал.
Булак: NazarNews.kg